Баткенде дин аалымдарынын катышуусунда «Адамзат сени даңазаласын» деген аталыштагы иш-чара өттү

Баткен шаарынын Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында  «Адамзат сени даңазаласын»  деген аталыштагы Пайгамбарыбызды (САВ)  таанытуу жана даңазалоо максатында ыйман кечеси өткөрүлдү.  Саамалыкка Баткен  облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров,  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Баткендеги өкүлү Чагылган Юсупов,  президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башкы адиси Асылкан Саттарова катышты.

Облус казысы мындай саамалыктардын өтүүсү жарандардын диний жааттагы маалыматын кеңейтип, туура түшүнүк алууга жана үй-бүлөдөгү ынтымактын чын болуусуна өбөлгө болоорун  баса белгиледи.