Ош шаарында ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында өттү

Ош шаарындагы  Барпы Алыкулов мектебинин жыйындар залында Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга вице-мэр Венера Рыскулова, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ажибаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов,  Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов, кварталдык комитеттердин төрагалары, күч органдары, жергиликтүү мечит имамдары, МАБ кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби жыйынга келгендерге түшүндүрүү иштерине активдүү катышууга чакырып, эл менен бирге иштөө керектигин билдирди.

«Ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштери ар бир аймакта жүргүзүлүп жатат. Бул элибиз үчүн маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Андыктан кайдыгер мамиле жасабай, түшүндүрүү иштерине активдүү катышып бериңиздер»,- деди Исак ажы Юнусов.