Азирети Муфтий Замир кары Ракиев КМДБнын катчылык жана кадр бөлүмүнүн башчысы Абдугапар ажы Койчукуловдун атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев КМДБнын катчылык жана кадр бөлүмүнүн  башчысы Абдугапар ажы Койчукуловдун атасы Абдибаит ажынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Абдугапар ажы! Абдибаит ажы атабыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам.  Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум атаңызды Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев