Майлуу-Сууда экстремизм, терроризмдин алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо максатында жыйын өттү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында  экстремизм, терроризмдин алдын алуу, өспүрүм балдарга болгон ырайымсыз мамиленин жана зордук–зомбулукту болтурбоо максатында укук коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында  калк арасында терс диний агымдардын алдын алуу жана зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылып, бул жаатта биргеликте иш алып баруу керектигин айтышты.

“Экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы атайын колдонмо куралдарды чыгарып, өлкө аймагындагы имамдарга таратып беришкен. Бул жаатта ИИМ кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери дагы жүрүп келет. Ал эми балдарга болгон зомбулуктун алдын алууда жума баяндарында жана эл топтолгон жерлерде үй-бүлө баалуулуктары, балдардын тарбиясы жана аларга мээрим төгүү боюнча атайын баяндамаларды жасап келебиз. Жараткандын колдоосу менен ушул жыйында башка дагы мектептерде өткөрсөк келечек ээлери бир топ маалыматтуу болуп калышат”,-деди баш имам-хатиб Абсаттар ажы Эркинбеков.

Ал эми  Чынгыз Айтматов атындагы №1-орто мектебинин директору Е.А.Ермоленко мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүнө токтолуп, бул ишти мындан ары дагы улантуу керектигин билдирди.

 Эскерте кетсек, Майлуу-Суу шаарындагы Чынгыз Айтматов атындагы №1-орто мектебинде өткөн жыйынга шаардын баш имам-хатиби Абсаттар ажы Эркинбеков,   шаардык мэриянын мамлекеттик тил жана диний маселелер  боюнча адиси Диана Джаббарова, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдар иштери боюнча жетектөөчү адиси Жоомарт Мамадалиев, ШИИБнын башчысынын орун басары Медер Асанов,  билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Райкан  Акамбаева жана  мугалимдер,  окуучулар катышты.