Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров баш имам-хатибдер менен биргеликте мечиттердин каттоосу жана ысырапкерчиликтин алдын алууну талкуулады

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров район, шаарлардын баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүп, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү, ыйык Рамазан айына карата мечиттерди даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өтө элек диний объектилердин документтерин бүткөрүү тапшырмасын берди.

“Имам-хатибдер өзүнүн аймагындагы мечиттердин санын так билүүсү керек. Муну менен катар мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүдө тиешелүү документтерде кандай тоскоолдуктар жаралып жаткандыгын  билип, көйгөйдү чечүүгө аракет кылуусу керек”,-деди облус казысы.

Ал эми жыйынга катышкан КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсуповда  диний объектилерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы жардам берип жаткандыгын билдирди.