Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунун мечит имамдары “Билимдүү имам” аттуу окуу семинарынын алкагында билимдерин жогорулатышууда

Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата,  Аламүдүн жана Чүй райондорунун жалпы  мечит  имамдарынын Ханафий  мазхабы жана Матрудий акыйдасы боюнча билим деңгелин жогорулатуу максатында “Билимдүү имам”  аттуу эки күндүк окуу  семинары башталды. Окуу семинарына Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышып, окутуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Мечит имамдарына уюштурулган окуу семинары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп, өлкө башчынын «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгынын алкагында болууда.

“Дин кызматкерлери мазхаб,  Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат,  нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча бекитилген графиктин алкагында сабактар башталды. “Билимдүү имам”  аттуу окуу  семинары өлкөбүздүн бардык тарабында уюштурулуп, Дин Башкармалыктын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлеринин билим деңгээлдери жогорулатылмакчы. Муну менен катар ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 2021-2026 жылдарга карата жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын багыттары тааныштырылууда. Максатыбыз имамдарыбыздын билимин жогорулатып,  калкыбыз менен тыгыз иш алып баруу”,-деди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Эскерте кетсек, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу чыгып, эл арасында түшүндүрүү жана дин кызматкерлерин окутуу иштери башталды.