Жети-Өгүз районунун Конкино айылынын имамынын орун басары мектеп окуучуларын ыймандуу, билимдүү болууга чакырды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Конкино айылынын имамынын орун басары Рамазан Ливазов мектеп жетекчилиги менен  биргеликте окуучулар менен жолугушуп, зынаанын кесепети, зыяндуу ичимдиктерден оолак болуу, терс диний агымдардын сактануу боюнча баяндама жасады.

“Балдар биздин келечек болгондуктан аларга туура жолдуу көрсөтүү улуу муундагылардын милдети. Тарбияны берип, билим алууга шарт түзүп жаткан ата-энелерди, мектеп жетекчилерин дайыма урматтап, алардын алкышына татыктуу болуш керек. Сиздер дагы бир кездерде мамлекетибиздин өсүүсүнө салым кошкон азаматтардын болушуңуздарга тилектешмин. Ал үчүн дайыма изденип, билим алууга умтулууңар маанилүү”,-деди Рамазан Ливазов.

Муну менен катар ал диний маалыматтарды бир гана расмий дин кызматкерлернен алуу керектигин айтып, терс диний агымдардан, талап-тоноочулук жана зынаадан сактанууга  чакырды.

«Ыйык Курани Каримде  «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен»,- деп башталат. Алла Таала инсандарды  билимдүү болууга чакырат. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): «Албетте, мен мугалим болуп жиберилдим»,-деп айткан.  Билим өнүгүүнүн башаты. Инсан билим алуу аркылуу көптөгөн ийгиликтерди багындырып, ошол эле учурда билим адамдын жан дүйнөсүн кеңейтет. Инсан бул дүйнөнүн жана акыреттин илимин алуусу керек. Качан гана адамдын руханий жан дүйнөсү оңолсо келечегибиз оңолуп, ар кандай жаман илдеттерден, терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз»,-деди Конкино айылынын имамынын орун басары.