Ноокат районунун имамдарынын квалификациялык билим деңгээлин жогорулатууга багытталган лекция өтүлө баштады

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ноокат районуна иш сапары барып, райондогу жалпы дин кызматкерлери менен жолукту. Иш-чарага казыяттын аппараты, Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев баштаган хатибият жамааты, аталган райондогу диний окуу жайлардын жетекчилери жана жалпы дин кызматкерлери катышты. Жыйында КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү жөнүндөгү» Жарлыгынын алкагында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 буйругу боюнча массалык ишембиликтерди өткөрүүнү улантуу,  муфтият, казыят жана хатибиятка итаат кылуу менен бирге айтылган тапшырмаларды жоопкерчиликтүүлүк менен өз убагындда так аткаруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Облус казысы өз сөзүндө имамчылык жоопкерчиликтүү озуйпа экенин билдирип, эл арасында үлгү болууга чакырды.

«Имам-хатибдик деген ардактуу кесип, улуу иш. Элибиз молдолорду сыйлап, кадырлайт. Биз, дин кызматкерлери, көрсөтүлгөн мамилеге татыктуу болуп, элдин диний муктаждыгын жогорку деңгээлде канааттандыруу менен бирге агартуу ишин ийгиликтүү жүргүзө билишибиз керек. Ошонун катарында доордун өтүшү менен чыгып жаткан заманбап маселелерден артта калбай, маалыматтуу болушубуз зарыл», – деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Облус казысы жыйындын экинчи бөлүгүндө райондогу диний кызматкерлерге «Мухтасардан» сабак өтүп, суроолорго жооп берди. Сабак ар ай сайын системалуу түрдө өтүлөрүн белгилеген облус казысы имамдарды активдүү катышууга чакырды.

Эске салсак, Сайдамир ажы Жейналиев иш сапарынын алкагында Ноокат райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, мекеменин иштерине ийгилик каалады.