Жети-Өгүз районунун Жаргылчак жана Липенка айылдарынын тургундарына өлкө башчынын жарлыгы жана КМДБнын фатвасы түшүндүрүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жаргылчак жана Липенка айылдарынын тургундарына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жага дин кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өттү. Айыл тургундарына өткөн жыйында ысырапкерчиликке жол бербөө жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыккан фатва тааныштырылды.

«Ыксыз чыгым менен ысырапкорчулукка жол бербейли.   Ислам дини тыюу салган арам нерселердин баары ысырап болуп эсептелет. Чет өлкөдө айлап, жылдап эмгектенген жаштарыбыздын ак эмгегин эки күндүк той-топурга эмес, пайдалуу, соопту иштерге жумшайлы. Макркумдун артынан кайрымдуулук кылуу жалаң гана элге тамак-аш  тартып, сооп багыштоо менен чектелбейт.  Анын ордуна коомчулукка пайдасы тие турган мечит, медресе, мектеп же оорукана сыяктуу социалдык мекемелерге керектүү жабдыктарды алып берсе маркумга дагы да соопту болот», — деди Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Акылбек Талантбек уулу.