Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура районундагы жалпы айыл имамдары менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура районундагы жалпы айыл имамдары менен жолугушту. Жыйында ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү, мечиттерди даярдоо, ишембиликтерди өткөрүү жана ысырапкерчиликтин алдын алуу маселеси каралды.

Муну менен катар облус казысы аймактагы дин кызматкерлеринин  ушул жылдын 1-кварталындагы аткарган иштеринин отчётторун укту.

«Ар бир кылган кызматыбыз Жараткан Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн болсо береке табабыз. Экинчиден имамдын иши абдан жоопту экендигин унутпаңыздар. Анткени карапайым элибиз шарияттан кандай маселе жаралса имамдардан сурашат. Ошондуктан дайыма илим алуунун үстүндө болуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана облустук казыят тарабынан уюштурулган окуу курстарына активдүү катышыңыздар. Муну  менен катар КМДБ тарабынан чыккан фатваны элибизге жакшы түшүндүрөлү. Ошондой эле кайрымдуу элибизге сооп жеткирүүнүн түрлөрүн айталы. Себеби, коомубузда социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөр бар, кээ бир айылдарда таза суу, жол, көпүрө салуу көйгөйлөрү бар»,-деди облус казысы.