Ош облусунун казысы «Абу Ханифа ан-Нуьман ибн Собит ал-Куфи» жана «Абдуррахман ибн Ауф» медреселеринин студенттери менен жолугуп, насаатын айтты

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, КР ДИМК ТАБынын башчысы Исакбай Мурзабеков, башкы адис Фурхатбек Адилбек уулу Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Абу Ханифа ан-Нуьман ибн Собит ал-Куфи» жана «Абдуррахман ибн Ауф» медреселеринин студенттери менен жолугушту. Жолугушууга студенттер жана окуу жайлардын мүдүрлөрү Махамадрафук Хожамбердиев жана Кылычбек Маматмуса уулу жана  мугалимдер катышып, окуу жайдын ишмердүүлүгү туурасында маалымат беришти.

«Медреседе татыктуу илим алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалангыла. Окутуучуларды сыйлап, айтканын уккула. Илим ошондо жугат. Медреседе акыйданы жакшылап үйрөнүп алышыңар кажет. Интернеттен диний маалымат алууда жана пайдаланууда этият болгула»,-деди облус казысы.

Ал ысырапкорчулукка жол бербөө жөнүнүндө да насаатын айтып; «Ысырап дегенде тамак-ашты төгүп-чачуу деп гана түшүнбөшүбүз керек. Ысырап түшүнүгү кенен түшүнүк. Силер убакытты, энергияны ысырап кылбаганга аракет кылгыла», – деп билдирди.

Ал эми Исакбай Мурзабеков туура диний билим алуунун артыкчылыгы, салттуу ислам жана мамлекеттик чөйрөдөгү диний саясат жөнүндө баяндама жасаса, райондун баш имам-хатиби студенттерди салттуу эмес ар кандай бүдөмүк агым жана багыттардан оолак болууга чакырды.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара 2022-жылга карата биргелешкен беш тараптуу иш-пландын «диний окуу жайларда биргелешкен жолугушууларды өткөрүү» пунктун жүзөгө ашыруу максатында уюштурулду.