Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн жана Чүй райондорунун жалпы мечит имамдары атайын окуудан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту

Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата,  Аламүдүн жана Чүй райондорунун жалпы  мечит  имамдарынын Ханафий  мазхабы жана Матрудий акыйдасы боюнча билим деңгелин жогорулатуу максатында “Билимдүү имам”  аттуу эки күндүк окуу  семинары аяктап, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев сертификат тапшырды.

Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу  семинарына Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышып, окутуу иштерин жүргүзүштү.

Мечит имамдарына уюштурулган окуу семинары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп, өлкө башчынын «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгынын алкагында уюштурулган.

“Дин кызматкерлери мазхаб,  Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы, соода-сатык эрежелери, адал сертификат,  нике, талак маселеси, зекеттин өлчөмү, шарияттагы маркумду жерге берүү эрежеси, ысырапкерчилик темалары боюнча бекитилген графиктин алкагында сабактарга катышышты. “Билимдүү имам”  аттуу окуу  семинары өлкөбүздүн бардык тарабында уюштурулуп, Дин Башкармалыктын түзүмүндөгү бардык дин кызматкерлеринин билим деңгээлдери жогорулатылууда”,-деди Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыктын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругу чыгып, эл арасында түшүндүрүү жана дин кызматкерлерин окутуу иштери жүргүзүлүп келет.