Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош шаарындагы А.Навои мектебинин жыйындар залында Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына ысырапкорчулуктун алдын алуу  боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынга вице-мэр Венера Рыскулова, мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Алишер Ажибаев, кварталдык комитеттердин төрагалары, укук коргоо органдары, жергиликтүү мечит имамдары, МАБ кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

«Ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери буга чейин 5 муниципалдык аймакта жүргүзүлдү. Буюрса элибиз жакшы кабыл алышып, бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иш алып баруудабыз»,-деди шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.