Каттоодон өтө элек мечиттердин документтерин бүткөрүү максатында «Сулайман-Тоо» мечитинде жыйын өттү

Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош облусу жана Ош шаарындагы каттоодон өтө элек мечиттердин көйгөйлөрү менен КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Замир Кожомбердиев таанышты.

«Динге кызмат, мусулмандардын көйгөйүн чечүү үчүн топтолуу да идабат. Бул жерде диний объектилерди мыйзамдаштыруу же эсептик каттоодон өткөрүүнүн бардык оптималдуу жолдорун кароо үчүн кеңешип алдык. Буюрса облус аймагындагы бардык диний объектилерди каттоодон өткөрөбүз», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.

Жыйынга Ош облусу жана Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери, баш имам-хатибдер, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышты.