Араван районунда ысырапкорчулукка жол бербөөгө багытталган иш-чаралар өтүп, түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусуна караштуу Араван районунун маданият үйүндө райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси менен КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Саамалыкка Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, район акими Сейтек Кулубаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, аксакалдар кеңеши, укук коргоо органдары жана дин кызматкерлери катышты.

 «Ысырап-бул Алла Таала бизге насип кылган дүйнө-мүлк жана мүмкүнчүлүктөрдү максатсыз же динибизге туура келбеген максаттарда коротуу, сапыруу, чачуу дегенди түшүндүрөт. Ысырапка жол бергендер негизинен өзүн көрсөтүү, мактануу, манчыркоо, атаандашуу же бей-бечаранын көзүн күйгүзүү максатын көздөшөт. Динибиз четке каккан бул жосундун кесепети эки дүйнөдө тең тиет», – деди Алибек ажы Жусупов.

Алибек ажы жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин «Маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулуктун алдын алуу» жөнүндөгү фатвасын тааныштырып, суроолорго жооп берди.

Эскерте кетсек, Араван районундагы расмий дин кызматкерлери ысырапкорчулуктун кесепети жөнүндө түшүндүрүү, агартуу иштерин тынымсыз жүргүзүүдө.