Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ош шаардык казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Бүгүн, 26-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ош шаарынын мусулмандарынын казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, 3 айдын отчётун укту.

Муну менен катар Жоробай ажы Шергазыев Рамазан айына көрүлүп жаткан  даярдыктар менен  таанышып, шаардагы ысырапкорчулуктун алдын алууга багытталган иштер боюнча шаар казысынын  маалыматын укту. Ошондой эле Рамазан айындагы ооз ачуу (ифтар)  иш-чараларында кайрымдуулук иштерин  уюштуруу боюнча бир нече бир катар тапшырмаларды берди.

Ош шаарынын казыятындагы жолугушууга  Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жана КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Улукбек Абдисалам уулу катышты.