![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2022/03/photo_2022-03-26_21-03-53.jpg)
Бүгүн, 26-март күнү Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери мечит, медресе жана жол бойлорунда тазалоо иштерин уюштуруп, таштандыларды чыгарышты.
Ишембиликтин негизги максаты айлана-чөйрөнү тазалап, коомчулукка жана жаратылышка пайда алып келүү.
“Дени сак улут, таза жашоо — бул өлкөнүн келечеги” деп бекеринен айтылбаса керек. Биз жашап жаткан айлана-чөйрө канчалык таза болсо жашообуз, дем алган аба да таза болот. Анын сыңарындай “Тазалык, Мекенди сүйүү ыймандан” деген ураан астында мекенибиздин тазалыгына аз да болсо салым кошкубуз келди»,-деди “Умму Мухаммад” медресенин жетекчиси Кутманбек Орунбаев.