2022-жылдагы ыйык Рамазан айы 2-апрелде башталат. 1-апрелде өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат

              Ф А Т В А   № 8

           Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгерде кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда айды отузга толтуруп эсептегиле”- деп буйруган (Сахих муслим 1081).

1. 2022- жылдын 2 – апрель, ишемби күнү Рамазан айынын биринчи күнү     болуп бекитилсин.

2. 2022-жылдын 1-апрелинде өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы башталсын.

3. Фатваны аткаруу бардык Кыргызстан мусулмандары үчүн шарияттык милдет болуп эсептелинет.

 Эскертүү : Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу   мүмкүн.