Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Конфессиялар аралык Кеңешинин катышуусунда көчөттөр отургузулду

2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Конфессиялар аралык Кеңешинин катышуусунда көчөттөрдү отургузду.

«Бул иш-чара 2018-жылы түзүлгөн Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңешинин алкагында өткөрүлүп жатат. Кеңеш 17 диний уюмдун өкүлдөрүн бириктирет жана анын башкы максаты конфессиялар аралык диалогду, ар кандай көз караштарды жана ишенимдерди урматтоо принциптерин бекемдөө, толеранттуулук жана динге сабырдуулук, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу «, — деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.

Иш-чаранын негизги максаты социалдык инфраструктураны, шаар объектилеринин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, өлкөнүн аймактарын көрктөндүрүү жана конфессиялар аралык диалогду чыңдоо, диндер аралык толеранттуулукту илгерилетүү, Кыргызстанда берилген конфессиялар жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын мобилизациялоо.

Иш-чаранын катышуучулары көчөт отургузуп, Бишкек шаарындагы Ынтымак паркынын аймагын тазалашты. КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров бул демилгени колдогондорго ыраазычылык билдирди.

Иш-чара Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси, Кыргызстандагы «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюмунун өкүлчүлүгү жана Дин таануу изилдөө борбору менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.