Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев ордо калаадагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, Рамазан айына даярдык көрүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев ордо калаадагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди.

Жыйындын жүрүшүндө Рамазан айында ар бир мечитте Куран хатм окулуусу керектигин айткан шаар казысы тез арада ыйык Куранды мыкты окуган карыларды тактоону милдеттендирди. Ошондой эле ишембилик өткөрүүдө мечиттин айланасына дарак отургузуу жана жолдогу таштандыларды тазалоо керектигин билдирди.

«Жараткан Алла Таалам насип кылса алдыбыздагы ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды баштадык. Рамазан айындагы мээримдүүлүк жамгырынан пайдаланып калуу керек. Бул айда жашообузга зарыл болгон сабыр жана эрктүүлүктү колго алып, напсинин каалоо жана арзууларынан оолак болуу сыяктуу терс сапаттардан оолак болуп, адеп-ахлагыбызды толуктайлы! Отуз күн аралыгында элибизге талыкпастан жакшы кызмат кылуубуз зарыл», — деди шаар казысы.