Кара-Суу районунда “Хадича” атындагы аялдардын окуу борбору ачылды

Бүгүн, Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүндө жайгашкан “Хадича” атындагы аялдардын окуу борборунун ачылуу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева, облус аймагындагы райондордун башкы имам-хатиптери жана окуу борборго келген аялдар жамааты катышышты.

Ачылыш аземде облус казысы Самидин кары Атабаев иш-чарага келген жалпы катышуучуларды окуу борбордун ачылышы менен куттуктап, окуу борбор улуу максатта курулуп, келечек муундардын тарбиялоочусу болгон аялзатына Ислам баалуулуктарын, бийик маданиятты, адамдык асыл сыпаттарды үйрөтүү менен  коомду тарбиялоону негиз кылган чоң тарбиялык мектеп болоорун белгиледи. Ал эми ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков аталган окуу борборго дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан уруксат берилген мамлекеттик каттоо күбөлүгүн тапшырды.

Хадича” энебиздин атын алган бул окуу борбор башка окутуу борборлорунан өзгөчөлөнүп турат. Анткени бул жерде жаштарыбыздын тарбиялоочусу катары аялзаты болгон энелер таалим алып, өз балдарына татыктуу тарбия берүү менен бүтүндөй коомубузду тарбиялайт. Андыктан бул борбор жалпы аялзаты диний сабаттуулугун жоюп, Исламдын баалуулуктары боюнча таалимдерди алып, коомубуздун өнүгүүсүнө салым кошуусуна тилектешмин, –деди  Исакбай Мурзабеков.

Эскерте кетсек, “Хадича” окуу борбору чет элдик жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосунда 2 кабаттуу болуп заманбап шартта курулуп, 100дөн ашуун адам бир убакта сабак алууга ылайыкташтырылган.