Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билим берүү кызматкерлерин куттуктады

Урматтуу мугалимдер, билим берүү жаатында эмгектенип жаткан жана эмгектенген кызматкер!  Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыӊыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Ыйык Курани Каримдин Алак сүрөсүнүн 96 аяты: «Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» деп башталат. Демек Жаратан Алла Таала бизди билим алып, билимдүү болууга чакырат.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): «Албетте, мен мугалим болуп жиберилдим»,-деп айткан. Демек Сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) да туура жашоого окуткан. Силер дагы жаштарды, келечек ээлерин туура жашоого, жакшы адеп ахлакка окутасыңар.

Урматтуу мугалимдер, билим берүү-бул келечектүү өнүгүүнүн башаты. Инсан билим алуу аркылуу көптөгөн ийгигиликтерди багындырып, ошол эле учурда билим адамдын жан дүйнөсүн кеңейтет. Инсан бул дүйнөнүн жана акыреттин илимин алуусу керек. Качан гана адамдын руханий жан жүйнөсү оңолсо келечегибиз оңолуп, ар кандай жаман илдеттерден, терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз.

Мына бүгүн биз дагы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы диний окуу жайлардын иштерин жакшыртып, электрондук системага өткөрүүнү пландап, эң негизгиси терең билим берүүгө умтулуп келебиз.

Андыктан жеке өзүмдүн атымдан жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана КМДБнын окуу бөлүмүнүн атынан жалпы билим берүү жаатында эмгектенип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен дагы бир ирет бүгүнкү майрамдары менен чын дилимден куттуктаймын.

Билим күнү биздин маданиятыбызды, каада-салт, үрп-адатыбызды сыйлаган коом үчүн өзгөчө майрам. Себеби билим берип жаткан мугалим өзүнүн өмүрүн сарптап, балдарды ары билимдүү, ары ыймандуу, адептүү, көрөгөч, ата-энесин, бир-туугандарын сыйлаганга, мекенин сүйүүгө үйрөтүү менен эң башкысы «Инсан» кылып тарбиялайт.  Сүйүктүү биздин окутуучулар, сиздерге мүнөздүү болгон күч-кайрат, кесипкөйлүк жана  жаратмандыкка умтулуу билим берүү тармагынын өнүктүрүүгө алып келет.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөдөгү бардык жакшылыктарды жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салымын кошуучу  билимдүү жаштарды тарбиялоо ишинде албан-албан  ийгиликтерди Жараткан Алла Тааладан тилейм!