Нарында «Пайгамбарым Мухаммед (с.а.в) адамзат Сени даңазаласын» аттуу ыйман кечеси өтүп, китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыкты

Нарын облустук драма театрында «Пайгамбарым Мухаммед (с.а.в) адамзат Сени даңазаласын» аттуу ыйман кечеси  Нарын облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулуп, “ Азирети Фатима – аялзатына өрнөк болчу аруулуктун өрнөгү” аттуу китеп сынагынын жеңүүчүлөрүнө  сыйлыктар тапшырылды.

Жалпы китеп окуу сынагына 1462 талапкер катталган болсо, жарышка 960 айым катышты. Сынак ар бир райондун борборунда өтүп, сынак тест  түрүндө жүргүзүлдү. Суроолор китептин ичинен гана түзүлүп,  жалпы 50 суроо берилди. 

Китеп окуу сынагынын жыйынтыгында 50 суроонун 49на  үч катышуучу туура жооп берген болсо, 48не  алты  айым туура жооп беришти. Мындан тышкары эң улуу жана эң кичүү катышуучуларга да белектер берилди. Сынактын жобосунда упайлары тең болгон катышуучулар   чучукулак кармаша  тургандыгы жазылган.

Чучукулактын жыйынтыгында Нарын районунан катышкан Табалдиева Сезим баасы 55 000 сомдук сыналгыны жеңип алган болсо,  Ат-Башы районунан катышкан Саидова Бибианбар  45 000 сомдук муздаткычты, Ак-Талаа районунан катышкан  Маметимин кызы Акмөөр 30 000 сомдук кир жуучу машинанын ээси болду.

«48 упай топтогон 6 айым 4-5-орундун байгелери үчүн чучукулак кармашышты. Жыйынтыгында Кочкор районунан катышкан Кочкорова Разия 4-орунду ээлеп, газплитанын жеңүүчүсү аталса, Ат-Башы районунан катышкан Ибраева Гүлзат 5-орунду ээлеп,  10 000 сомдук чаң соргуч жеңип алды.  Ал эми 48 упай алган Атабекова Анаркүл, Майрамбекова Назима, Осекева Талайкүл, Асан кызы Турдукан баасы 3 500 сомдук үй тиричилик буюмдары менен сыйланышты»,-деди облус казысы Эрик ажы Молдокулов.

Сыйлык тапшырууга Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев, Калем лидерлер академиясынын негиздөөчүсү Мамбетасан Ибраев, Адеп Башаты диний уюмунун Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Жумалиев, Нарын облустук администрациясынын өкүлү Ажара Абдыкадыровна, Нарын шаарынын вице-мэри Назира Мамытовна, Нарын районунун акиминин орун басары Анара Жээнбековна катышты.

Эскерте кетсек, Нарын облустук казыяты жылдын башында Нарын облусундагы бардык аялзаты үчүн «Азирети Фатима – аялзатына өрнөк болчу аруулуктун өрнөгү» аталышындагы айымдардын арасында облустук китеп окуу сынагын уюштурган.