Ноокат районунун имамдарына жыйын өтүп, ысырапкорчулукту токтотуу боюнча бир айлык отчёт угулду

Ош облусунун Ноокат районундагы имамдарга КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында аткарылган иштер боюнча бир айлык отчёттук  жыйын өттү. Райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев түшүндүрүү иштерин бир ай бою күчөтүлгөн режимде жүргүзгөн имам жана имам-хатибдерге ыраазычылык билдирди.


«Динибиздеги жактырылбаган ысырапкорчулук жана ыксыз чыгымдардын кесепети белгилүү. Өзгөчө социалдык-экономикалык жана нравалык жактан залалы тиет. Ансыз да туура көрүлбөгөн маселенин сөөк чыккан үйдө болуп жатышы кейиштүү көрүнүш болчу. Буюрса, ушул нерсе токтойт», – деп билдирди Музаффар ажы Турдубаев.

Жыйындын соңунда кар кете баштаган тоолуу айылдардагы мечиттердин айланаларында ишембиликтерди уюштуруу тапшырмасы берилди.