Талас облусунун казысы Манас районунун аксакалдары менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча пикир алышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районунун аксакалдары менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаал, ислам дининин баалуулуктары жана жаштардын адеп-ахлагын оңдоо боюнча пикир алышты.  Аксакалдар менен жолугушууда облус казысы КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгы жана Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин фатвасы менен кенен тааныштырып, бул жаатта эл арасында түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүү керектигин баса белгиледи. 

Ал эми Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев район аймагындагы бардык айылдарда түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып, облус казысына отчётун берди.

«Шариятыбыз ысырапкорчулукка тыюу салат. Алла  Таала Куранда: «Эй, адамдын урпактары! Ибадатка эң мыкты кийимиңерди кийгиле. Жегиле, ичкиле, бирок ысырапкорчулук кылбагыла! Анткени Алла Таала ысырапкорлорду жакшы көрбөйт»,- деген. Ысырапкорчулукту алдын алууда имамдар ар дайым элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Элибиздин абалын түшүнүп,  өлкө башчыбыз ысырапкорчулукту жоюу максатында жарлыгын чыгарды. Элдин көпчүлүгү буга макул. Урматтуу аксакалдар! Маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды азайтууда имамдарга жардамчы болуңуздар»,- деди Сулумбек ажы Узеналиев.