Өзгөндүн мечиттеринде ишембиликтер өткөрүлүүдө

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу​ мечиттерде Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен ишембилик өткөрүлүп, мечиттердин ичи жана сыртын​ тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Дээрлик 20 күнгө созулган жаандан улам тазалык иштерибиз бир аз аксады. Айрым мечиттерде катуу жааган жаанга карабай мечиттердин айлана-чөйрөсү тазаланды.​ ​Имамдарыбыз өздөрүнө таандык мечиттердин сырткы жасалгаларын жакшыртып, тазалык иштерин улантууда.​ Тазалыгы сакталбаган мечиттердин кызматкерлерине тийиштүү чаралар көрүлүүдө», – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров.