Алибек ажы Жусупов Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды

Алибек ажы Жусупов Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду. Алибек ажы буга чейин үч айлык сыноо мөөнөтү менен орун басар катары иштеп келген.

ЖУСУПОВ АЛИБЕК АМАТОВИЧ

Жусупов Алибек Аматович 19780-жылдын 30-мартында Ош облусунун Араван районуна караштуу Төлөйкөн айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1985-1995-ж.ж. А. Эгенов атындагы орто мектебинде окуган. 1995-1999-ж.ж. «Абдужаппар» ислам институтун бүткөн. 2016-2017-2018-жылдары «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган окуу семинарларына катышкан. 2015-2018-ж.ж. Кыргыз-өзбек университетинин коллежинин экономика жана бухгалтердик учет бөлүмүн аяктаган. 2018-2021-ж.ж. Ош технологиялык университетинин бизнес жана менежмент факультетинде окуган.

 Ишмердүүлүгү:

1995-жылдан тарта Самара дыйкан чарбасына мүчө.

2008-2014-ж.ж. Маңгыт а/ө «Айдарали» мечитинде имам.

2014-2018-ж.ж. Маңгыт а/ө «Молдо Алике» жума мечитинде имам-хатиб.

2018-2019-ж.ж. Маңгыт айыл аймагында жооптуу имам.

2019-20221-ж.ж. Араван районунун баш имам-хатиби.

Жетишкендиктери:

КМДБнын сыйлоо баракчасы (2020).

КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын ыраазычылык каты (2020);

Араван  райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каты (2021) ж.б.

Кыргыз, орус, араб, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү,  беш уул, бир кыздын атасы.