Өзгөндө маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча шарияттык эрежелер түшүндүрүлүп, эл менен жолугушуулар уланууда

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл өкмөткө таандык каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоо маселеси каралды. 

Иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн райондук аксакалдар кеңешинин дин боюнча адиси Жумагул Мамбетов жана Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты катышты.

Жолугушууда Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров имамдардын коомдогу орду чоң экенин баса белгилеп, өлкө башчынын жарлыгы боюнча биргеликте иш алып баруу зарылдыгына токтолду. 

«Дин кызматкерлери ысырапкорчулук менен дайыма күрөшүп келген. Айрым аймактарда жөнгө салына баштаган болчу. Ислам дини ашыкча чыгым сарптоо жана ысырап кылууга тыюу салат. Биздин кызматкерлер сиздер менен иштешүүгө даяр», — деди Акжол ажы Бакиров.

Эскерте кетсек, аталган иш-чара Өзгөн районунун бардык аймактарында уланмакчы.