Дөң-Булак айыл өкмөтүндө маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы ыксыз чыгымдарды токтотуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүндө маркумду акыркы сапарга узатуу жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатвасына ылайык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле эскилиги жеткен мечиттерди жаңылоо маселеси каралды. 

Жыйынга Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, Өзгөн райондук аксакалдар кеңешинин дин иштери боюнча адиси Жумагул Мамбетов, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Султанов, мечит имамдары,  айыл өкмөттүн эмгек жамааты, айыл башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Иш-чарада Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу зарылдыгына токтолду. 

«Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында имамдар менен бирге айыл өкмөттүн кызматкерлери дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болот. Имамдар өздөрү жалгыз жетишүүсү кыйын. Жакынкы күндөрдө Ош облусунун аймагына бирдиктүү жобо бекитилет. Ошонун негизинде иш алып барабыз», — деди Акжол ажы Бакиров.