Кара-Суу районунун «Исмаил Ата» борбордук мечитинде диний объекттердин каттоосу жана ысырапкорчулукка жол бербөө жана анын алдын алууга багытталган жыйын өттү

Ош облусунун Кара-Суу районунун «Исмаил Ата» борбордук мечитинде ысырапкорчулукка жол бербөө жана анын алдын алуу, ошондой эле эсептик каттоодон өтө элек диний идараларды тез арада каттоо боюнча жыйын өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, райондогу мечиттердин имам-хатибдери, имамдар жана медресе мүдүрлөрү катышты.

Облус казысы ысырапкорчулуктун туура эместиги боюнча түшүндүрүү, агартуу иштерин күчөтүү жана каттоодон өтө элек мечиттерди эң кыска мөөнөттө каттоо боюнча тапшырма берди.

«Кара-Сууда каттоодон өтпөгөн бир дагы диний объект калбашы керек. Мечитке өз имамынан артык ким күйөт? Каттала элек мечит имамдары чын дилден аракет кылып, бардык оптималдуу жолдорду карашы керек. Ошол эле учурда уюштургуч болуп, керектүү чыгашаларды жаап, тиешелүү документтерин  так бүтүрүшү зарыл», – деди облус казысы.

Ал эми Абдирашит ажы Батыров имамдардын милдеттерин жакшы билип, жума баянын жогорку деңгээлде даярданууга жана азан убагына так болууга чакырды.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө облус казысы имамдардын диний билим деңгээлин көтөрүүгө багытталган лекциясын өтүп, «Мухтасар Викая» китебинин даарат бабынан тереңдетилген маалымат берди.  Дин кызматкерлеринин квалификациялык деңгээлин көтөрүү максатында башталган бул сабак ай сайын өткөрүлмөкчү.

Эскерте  кетсек, Сайдамир ажы Жейналиев Араван, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы имамдарга ай сайын пландуу түрдө сабак уюштуруп келет.