Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев генерал-майор Ж.Шабиров атындагы окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында окуган курсанттар менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында окуган курсанттар менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында шаар казысы милиция кызматына талапкер болуп окуп жаткандар жаштарга ысырапкорчулук жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча баяндама жасап, окууларына ийгилик каалады.

Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңешинин депутаты Айтбаев Арыпбек  катышып, ысырапкорчулук боюнча өлкө башчысынын жарлыгы чыккандан тарта шаарда жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерине жаштардын да активдүү катышуусу зарыл экендигин айтты.