Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев мечиттердин каттоосу боюнча имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев имамдар менен жолугушуп, мечиттердин каттоосу, тазалыгы, ишембилик иш-чараларын өткөрүү, айрым мечиттерди суу менен камсыз кылуу маселесин талкуулашы.

“Жергиликтүү бийлик мечиттердин каттоо иштерине жардамын берүүдө. Бул жаатта дин кызматкерлери тиешелүү документтерин бүткөрүп, каттоого тапшыралы. Муну менен катар жашылдандыруу жана тазалык иштерине көңүл бөлүп, ыйык Рамазан айында жакшы камылга көрөлү”,-деди баш имам-хатиб Максат ажы Сейталиев.