Ноокат районундагы жалпы имамдарга Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди

Ош облусунун Ноокат районунун борбордук мечитинде 17 айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, анда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу, каттоодон өтө элек мечиттердин каттоо ишин тездетүү, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 буйругун ишке ашыруу багытында массалык ишембиликтерди уюштуруу, ошондой эле Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

«Алдыбызда улуу Рамазан айы келе жатат. Ислам дүйнөсү чыдамсыздык менен күткөн ыйык орозо айына даярдыктар күчөтүлсүн. Ар бир мечитте хатым кылынсын», – деди  Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.