Максат кары Сидиков Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Максат кары Сидиков Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду. Сидиков буга чейин Араван районундагы «Имам Аль-Бухари» медресесинде Куран жана тажвид илиминен сабак берип келген.

Сидиков Максат Тилекович

 Максат кары Сидиков 1987-жылдын 1-февралында жарык дүйнөгө келген. 1994-жылы «Фрунзе» (азыркы М. Назаров) атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 2005-жылы ошол эле мектепти ийгиликтүү аяктаган.

2012-жылы Түркия мамлекетинин Конья шаарындагы «Бирол Полат» атындагы Куран жаттоо курсуна кабыл алынган. Ал жерден Курани Каримди жаттап, 2014-жылы Стамбул шаарына кайталоо максатында жөнөп кеткен.

2016-жылдан баштап Стамбул шаарындагы «Икро» Куран курсунда Куран жана тажвид илиминен сабак бере баштаган. 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап ушул убакытка чейин «Имам Аль-Бухари» медресесинде Куран жана тажвид илиминен сабак берет.

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.