Ноокат районундагы мечиттер ыйык Рамазан айына даяр

Ош облусунун Ноокат районунда Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун аткаруу багытында өткөрүлүп жаткан ишембиликтер жыйынтыкталды. Бул боюнча Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев билдирди.   

«Туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачын тоскоолдук жаратып, пландагыдай ишембилик, тазалык иш-чараларын өткөрө албадык. Бирок, райондогу мечиттер колдон келишинче  тазалоодон өттү. Рамазан  айынын таравих намазына келген жамааттарга ыңгайлуу шарттар каралды. Андан сырткары мечит короолору да тазаланып, көчөттөр тигилди», – деди  Музаффар ажы Турдубаев.

 Эскерте кетсек, облус аймагында бир ай бою ишембилик иш-чаралары уюштурулду.