Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Орозо айы ыймандуулуктун, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва баракаатуху!

Урматтуу мекендештер, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштарым! Сиздерди улуу Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм!

Барыбыз он бир айдан бери чыдамсыздык менен күткөн  Рамазан айы да кирип келди. Учурдан пайдаланып  ыйманыбызды нурлантып, күнөөлөрүбүздөн арылып,  ыйык айды ибадат менен өткөрөлү.

Кут, береке, нур  жааган ыйык айда ар бирибиз жакшы иштерди жасап, жаман адаттардан арылалы. Ар бирибиз оңолууга кадам таштап, терс адаттарыбызды таштайлы. Жараткан Алла Таала:  “Оо ыйман келтиргендер! Силерге орозо тутуу парз кылынды. Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле. Мүмкүн силер Алладан коркуп, күнөөлөрдөн сактанаарсыңар!” (Бакара. 182). — деп ыйык Куранда эскертет.

Бул ай – чыныгы сооп табуунун, Алла Таалага жакындоонун айы.  Бул айда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат, шайтандар болсо кишенделет. Дал ушул Рамазан айында мусулман бир туугандарыбыз  кайрымдуулугун күчөтүп, сооп табууга ынтызар болушат. Бул  ортобуздагы  мээримдүүлүктү, ынтымак-биримдикти, бир туугандык жана боорукерлик сезимдерибизди бекемдейт.  Алла Таала бир Хадиси Кудсиде:  “Адам баласынын орозодон башка ар кандай иштери өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем”,-деди. Бул ай күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүгө көмөк болуучу ыйык ай.

Анткени бул айда жер бетине Алла Тааланын ырайым нурлары түшүп турат.

Пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандар сооп алат»,- деп айтылган.

Урматтуу мекендешим! Орозо айы ыймандуулуктун, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн айы. Бул күндөрү жана Рамазандын касиети менен жыл бою өзүбүздүн кылган амалдарыбызды таразалайлы.

Килиңиздер! Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай болгондуктан күнөөлөрдөн арылып, жакшы иштерди жасоого, соопту амалдарды аткарууга умтулалы.

Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечирсин. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак, токчулук ыроолоп, ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бакыт, наристенин күлкүсү жаңырсын.  Алла Таалам элибизди жаман оорудан, бөөдө кырсыктан сактасын. Жаштарыбыз ыймандуу, кыздарыбыз уяттуу болсун. Дагы бир жолу ыйык, куттуу жана берекелүү Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоом менен,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев