Нематулла ажы Жээнбеков: Дубалар кабыл боло турган айда элибиз, жерибиз үчүн дуба кылууга чакырам

Ассаламу алайкум урматтуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды айлардын султаны болгон улуу рамазан айынын кирип келиши менен чын дилимден өзүмдүн  жана жалпы облус мусулмандарынын атынан куттуктаймын.

Бул ай айлардын султаны болуп, Алла  Таала   Өзүнүн сөзү болгон ыйык Куранды түшүргөн. Бул айда сооптор эселеп берилип , миң айдан артык болгон кадыр түн кечеси да ушул айга камтылган.

Аллах Таала айтат: “Пенделердин бардык кылган иштери өзү үчүн, бир гана кармаган орозосу мен үчүн, анын сообун Өзүм беремин”. 

Пайгамбарыбыздын башка бир хадисинде; “ Кимде-ким рамазан орозосун (орозодогу бериле турган соопторго орозонун пазилеттерине) ишеним менен орозосун ыклас менен (калыс Аллах үчүн) кармаган болсо, анын мурунку кунөөлөрү кечирилет”,- деп айткан.

Урматтуу диндеш мусулман бир туугандар!  Алла  Таала парз кылган орозосун кармап, дубалар кабыл боло турган айда  өзүбүз,  эл, жерибиз үчүн дуба кылууга чакырып кетем. Алла  Таала ушул айдын артыкчылыгы, пазилети жана берекеси менен жалпы элибизди, мамлекетибизди тынчтыкта,  амандыкта, биримдикте,  ынтымакта кылып, Жараткан элибизге берекелерин жаадырып, элибизге  ыйман, ынсап, мол ырыскы берип, чек араларыбыз бекем, мамлекетибизде өнүгүү болсун.

Куттуктоом менен,

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков