Шакир ажы Маматов: Ыйык айда кечиримдүү болуп, бири-бирибизди кечирип, күнөөлөрдөн арылып, Жаратканга жалбаралы

Бисмиллахир-рохманир-рохиим! Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатух!

Урматтуу кыргыз элим, кадырлуу мусулман бир тууганым! Сиздерди кирип келген ыйык, берекелүү  Рамазан айы  менен чын дилимден куттуктаймын!  Рамазан айы өзү айтып тургандай берекенин, кечиримдүүлүктүн айы. Жараткан Аллах кереметтүү Куран китебинде «Эй ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу эле силерге да парз кылынды. Мүмкүн сактанаарсыңар» (Бакара 2/182) деп эскертет. 

Рамазан айы – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген улуу айлардын бири. Пайгамбарыбыз Мухаммад  Алейхис- Саламдын: «Ким Рамазан айында (акыретке) ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет»,- деген сөзүнө ылайык  баардык мусулман бир туугандардын күнөөлөрү кечирилип, бейиштеги Ар-Райян эшигинен кирүүнү баардыгыбызга насип эткен болсун. 

Кирип келген Рамазан айында Жараткан Аллах эли журтубузга ынтымак, токчулук, кут, береке берсин. Ар кандай оору-сыркоо, апааттардан өзү куткарсын. Алла  Таала баарыбыздын инсандык кылып чоң-кичине, билип-билбей кылган  күнөөлөрүбүздү, кемчилдиктерибизди Өзү кечирсин. Биз дагы кечиримдүү болуп, бири-бирибизди кечирип, күнөөлөрдөн арылып, Жаратканга жалбаралы.  Сооптордон куру калбай, муктаждарга жардам берип, берешендигибизди көргөзөлү. Журтубузга жакшылыктарды кылып, улуу соопторду табууну бардыгыбызга насип кылган болсун. Элибизде аманчылык, токчулук болсун. Аллах Таала мамлекетибизге тынчтык берсин, өлкөбүз алдыга карай өсүп-өнүгүп, гүлдөй берсин. Дайыма желегибиз көктө желбирей берсин.

Куттуктоом менен,

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов