Алмазбек Ажы Сагындыков: Рамазан айы – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган ай

 Урматтуу мусулман биртуугандар, мекендештерим!

Жалпыныздарды кирип келген ыйык Рамазан айыңыздар  менен чын жγрөктөн куттуктайм. Алла  Таала ар бир кылган ишиңиздерге берекесин берип, ийгилик жана жардамын насип кылсын. Рамазан айы – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган ай.

Рамазан айы – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген улуу айлардын бири.

Пайгамбарыбыз Мухаммад  Алейхис- Саламдын: «Ким Рамазан айында (акыретке) ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» деген сөзүнө ылайык, баардык  мусулман бир туугандардын күнөөлөрү кечирилип, бейишке Ар-Райян эшигинен кирүүнү баардыгыбызга насип этсин.

Аллах Таала эмнени орозодо убада кылган болсо, баардыгыбызга насип кылсын.

Дагы бир жолу кирип келген Рамазан айыңыздар кут болсун!

Терең урматтоом менен,

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек Ажы Сагындыков