Сайдамир ажы Жейналиев: Эртеден кечке наар албай, ач калуу менен тутулган орозонун сообун төгүп-чачуудан абайлайлы

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен!

Ассаламу алейкум, кадырман кыргыз калкым!

Жаңырып кирип келген куттуу Рамазан айы жалпыбызга маарек болсун. Улуу айга жеткирген  Алла Таалага миң мертебе шүгүр. Жараткан Кудай Таала Рамазан айын жогорку деңгээлде тосуп, эң мыкты өткөрүүнү ар бирибизге насип кылсын.

Рамазан айы күнөөлөрдү жууп, жүрөктөрдү тазарткан ай. Рамазан – Алла Тааланын мээрими жана ырайымы жааган ай. Ыйык Курани Карим түшө баштаган касиеттүү ай. Шайтандар кишенделип, напси ооздукталган ай. Бир түнү миң айдан артык улуу Кадыр Түндүү ай.

Ушул себептүү Рамазан айын мүмкүн болушунча жакшы өткөрүүгө аракет кылалы. Ибадаттарга көңүл буруу менен инсандык руханий өнүгүүгө басым жасайлы. Эртеден кечке наар албай, ач калуу менен тутулган орозонун сообун төгүп-чачуудан абайлайлы. Жаңырган Рамазандын шарапаты менен момундардын адеп-ахлагы дагы да бийиктеп, мүнөздөрү жакшырып, чыныгы момун-мусулмандык сапаттары күчтөнгөн болсун.

Жараткан Алла Таала элибизге бейпилдик, Мекенибизге тынчтык, мамлекетибизге өнүгүү берсин. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Куттуктоом менен,

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев