Нуридин ажы Мамасабиров: Рамазан айында муктаждар үчүн колдон келген жардамды аябашыбыз керек

 Урматтуу кыргыз элим жана берекелүү Баткен элинин тургундары! Сиздерди улуу Рамазан айынын кирип келүүсү менен чын дилимден куттуктайм! 

Жараткан Алла Таала: “Силерден мурунку өткөндөргө парз кылынган сыяктуу, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды”, – деп ыйык Куранда эскертет. (Бакара. 182)

 Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн ай. Алла Таала Рамазан айына артыкча кут береке берип, аны «Он бир айдын султаны» атаган. Андыктан Рамазан айында орозо кармоо жекелик жана коомдук ибадат болуп эсептелет. Алла Таала бир хадиси кудсиде “Адам баласынын орозодон башка ар кандай иштери өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем”,- деди. 

  Улуу Рамазан айы бул Алла Тааланын пенделерине берген сыноосу. Канчалык кыйынчылык менен боло турган болсо, ошончолук орозонун сообу, берекеси көп болот. Орозонун касиети орозо туткан адам күндүн ысыктыгынан чаңкаганга чыдап койсо, Жараткан Өзү ал адамды өлүмдүн чаңкоосунан, акыреттин чаңкоосунан сактаганга себеп кылат. Азирети Пайгамбарыбыздын осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамды аябашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Алланын салам дубалары болсун) бир хадисинде орозолуу адамдар тууралуу мындай деген: “Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Жараткан Алла Таала менен жолугуп, туткан орозосу үчүн кубанган учуру.” (Муслим)

 Урматтуу мусулмандар! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн, эки дүйнө бактылуулугун ар бирибизге насип кылсын .

Куттуктоом менен,

Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров