Эрик ажы Молдокулов : Алла Таал ыйык айдын урматында өлкөбүзгө ыйман, ынтымак жана жакшылыктарын жаадырсын

Урматтуу мусулман бир туугандарым!

Сиздерди ыйык Рамазан айы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!

Рамазан – мээримдин, күнөөлөрдү кечирүүнүн жана тозоктон кутулуунун айы. Мына ушул ыйык Рамазан айында адамдардын урушкандары болсо жарашууну, орозо кармап, кайрымдуулук иштерди жасоону, соопту амалдарды аткарууну талап кылат. Ушул айдын ар бир баалуу убактысын текке кетирбестен жакшы амалдарды жасап калууну баарыбызга Алла  Таалам насип этсин.

Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) үммөттөрүн Курандын жана Рамазандын нуру менен сыйлаган. Бул нурларга ээ болгондорду кабырдын жана Кыямат күнүнүн караңгылыктарынан сактайт.

Орозо кармагандар үчүн эки кубанычтуу убакыт бар. Алар  кечке орозо кармап, ооз ачкан убакта жана Кыяматта Алла Тааланын жүзүн көргөн убак.

Жараткан Өзү ыйык айдын урматында мусулмандарга, өлкөбүзгө ынтымак, ыйман, жаркыраган асман менен дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды насип этсин.

Ар дайым элибизде бейкутчулук жана бакубатчылык, дастарконубуз берекеге толуп турсун.

Рамазан айы баарыбызга куттуу болсун!

Сиздерди терең урматтап,

Нарын облусунун казысы  Эрик ажы Молдокулов