Сулумбек ажы Узеналиев: Бул улуу айда жасалган жакшылыктардын сообу ашыгы менен берилет

Урматтуу кыргыз элим, жалпы момун мусулмандар! Сиздерди улуу Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм.  

 Жараткан Алла Таала: “Силерден мурунку өткөндөргө парз кылынган сыяктуу, силерге да такыба болушуңар үчүн саналуу күндөрдө орозо кармоо парз кылынды”,  – деп ыйык Куранда эскертет. (Бакара. 182)

 Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн ай. Алла Таала Рамазан айында кут береке берип, аны «он бир айдын султаны» атаган.   Бул улуу айда жасалган жакшылыктардын сообу башкача болуп, ашыгы менен берилет. Анткени пайгамбарыбыздын хадисинде “Бул ай улуу берекелүү ай, бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай  сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандай сооп алат”,- деп айтылган.  

Орозо – бул ыймандын бекемделишине жогорку деңгээлде салымын кошкон ибадат. Орозо жашоодо зарыл болгон сабыр, эрктүүлүк, напсилик арзуулардан оолак болууну үйрөтүү менен бирге адеп-ахлагыбызды көркүнө чыгарат. Андыктан күнөөлөрдөн арылуу үчүн Аллага чын ыкластан ибадат кылып, Анын ыраазычылыгы үчүн орозо кармап, Азирети Пайгамбарыбыздын осуяттарын жерге таштабай колунда жок мусулман боордошторубузга колдон келген жардамды аябашыбыз керек. Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) бир хадисинде орозолуу адамдар тууралуу мындай деген: “Орозолуу адамда эки чоң сүйүнүч бар. Бири-ооз ачып, тамактангандагы, экинчиси Жараткан Алла Таала менен жолугуп, туткан орозосу үчүн кубанган учуру.” (Муслим)

 Урматтуу мекендештерим! Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду, билип-билбей кетирген кемчилдиктерибизди кечирип, кылган ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Мекенибизге ынтымак, биримдик, тынчтык берсин. Ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бактылуулук өкүм сүрсүн. Эки дүйнөнүн бактылуулугун ар бирибизге насип кылсын.

Сиздерди терең урматтап,

Талас  облусунун казысы  Сулумбек ажы Узеналиев