Араван районуна жаңы дайындалган баш имам-хатиб өз ишин баштады

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков имамдарга жыйын өткөрүп, анда  КР Президентинин «Үй-бүлөл­үк салтанат жана мар­кумду эскерүү үрп-ад­аттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун ишке ашыруу, Муфтият жана казыяттан келген тапшырмаларды өз убагында аткаруу, эң негизгиси Рамазан айын жакшы өткөрүү маселеси каралды.

«Рамазан ыйык Куран айы. Ушул куттуу айда кереметтүү Куран түшө баштаган. Ушул айды жакшы өткөрүп алышыбыз шарт. Орозодо күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу менен эки дүйнөбүзгө тең кам көрөлү», – деди Араван районунун баш имам-хатиби.

Иш-чаранын жүрүшүндө таравих намазында хатм кылууну суранган аймактарга карылар бөлүштүрүлдү.