Кара-Сууда имамдын демилгеси менен ишембилик өтүп, көрүстөндүн айланасына бак-дарактар отургузулду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Жылкелди айылында «Жылкелди» мечитинин имамы Бахадыр Калыбаевдин демилгеси менен ишембилик өткөрүлүп, бак отургузулду. Жыйынга Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Бахадыр Калыбаев, айыл өкмөт башчысы Абдулла Дооронов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Иш-чаранын башында сөз сүйлөгөн Бахадыр дамла ысырапкерчиликти токтотууга кеңири токтолду.

«Алла Таала Маида сүрөсүндө «Оо, ыйман келтиргендер… Жакшылык жана такыбаа иштерде бири-бириңерге жардам бергиле» деп айткан. Ысырапкерчиликти болтурбоодо баарыбыз биргеликте күрөшөлү», – деп билдирди жооптуу имам.

Саамалыктын негизги бөлүгүндө айылдын көрүстөнү тазаланып, айланасына бак-дарак отургузулду. Ишембилик соңунда Куран окулуп, сообу маркумдарга багышталды.