Ош шаарынын казысы ыйык Рамазан айында дин кызматкерлерин эл менен бирге болуп, ибадат кылууга шарттарды жакшыртуу тапшырмасын берди

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, анын алкагында  Рамазан айындагы иш чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасы берилди.

Жыйындын жүрүшүндө кайсыл мечитте Куран хатм окулат жана канча күндүк экендиги такталды. Ошондой эле шаар тургундары көпчүлүгү азандын үнүн угуп ооз ачкандыктан, азандын убактысын катуу көңүл буруу керектиги эскертилди.

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жалпы имамдарга элге орозонун пазилеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Орозо кармоо — бул эртеден кечке ач курсак менен жүрүү менен чектелбейт. Мусулман адам колун, тилин жана көзүн жаман нерселерден сактоосу абзел. Рамазан айында жүрүм-турумдарды оңдоп, туугандар менен мамилени бекемдөө, араздашкандарды элдештирүү жана билип билбей кылган күнөөлөрүңүз үчүн тообо келтирип, ибадаттарды мыкты аткара турган убакыт»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Имамдардын кезектеги жыйынына КМДБнын халал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу катышып, дин кызматкерлерине халал тармагынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди.