Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев студенттерге виртуалдык оюндардын зыяндуулугу жөнүндө баяндама жасап, убакытты ысырап кылбоого чакырды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынында окуган студенттер менен жолугушуп, виртуалдык оюндардын зыяндуулугу жөнүндө баяндама жасады. Муну менен катар ысырапкорчулук жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

«Үй-бүлө баалуулуктары сакталган учурда  жаштардын таалим-тарбиясы жакшырып, убактысын пайдасыз оюндар менен коротпойт. Азыркы учурда виртуалдык оюндардын зыяндуулугу жаштардын бейбаштык кылууга түрткү берип жатат. Силер  убакытты туура пайдалануу менен мыкты окуп, элибизге пайда алып келиңиздер»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Студенттер менен болгон жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.