Балыкчы шаарынын имамдарына өрт коопсуздугунун эрежеси түшүндүрүлдү

Мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында эвакуациялоо планы каралды. Бул туурасында Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди. Жыйынга шаардагы жалпы имамдар катышып, анда өрт көзөмөлдөө кызматынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча бөлүм башчысы Нурлан  Казакбаев  коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Имамдарды электр энергиясына этият мамиле кылып, мечиттерде коопсуздукту сактоо үчүн атайын маалыматтар илинүүсүн жана жергиликтүү тургундарга эскертип, коопсуздукту камсыз кылуу ар бир имамга милдеттендирилди”,-деди  Чойбек ажы Исакунов.

Муну менен катар имамдар үчүн  өрт учурунда адамдарды эвакуация кылуу планын иштеп чыгып, атайын колдонмо катары чыгаруу жагы каралды.