Алибек ажы Жусупов Алай эли менен жолугуп, ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча баяндама жасады

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районунун Гүлчө айылына караштуу Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолукту.  

Облус казысынын орун басары  жолугушууда ысырапкерчиликтин залалдары боюнча кеңири сөз кылып, карапайым калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

“Ысырапкерчилик бул – Алла Тааланын бизге ыроологон немат, жакшылыктарын ыксыз чачуу, максатсыз пайдалануу деп түшүнгөнүбүз оң. Бир жерде тамак-аш желбей, ыргытылып же канализацияга ташталып жатса, башка жактарда жегенге нан таппай ачка отурган мекендештерибиз бар”, – деп билдирди Алибек ажы Жусупов.

Эскерте кетсек, КР Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү” жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу алкагында Ош облустук казыяты да жигердүү иш алып барып, жалпы райондордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.