Ош облусунун казысынын орун басары Алай райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында райондук хатибияттын ишмердүүлүгү менен таанышып, бир катар маселелер талкууланды. Алсак, КР Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү” жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу, КМДБнын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №65 буйругун ишке ашыруу жана эң негизгиси ыйык орозо айын жакшы өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.

“Азыр куттуу Рамазан айынын башында турабыз. Райондордогу хатибияттар орозо ичи күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, ар бир мечитте таравих намазын уюштурушу керек. Рамазанды жогорку деңгээлде өткөрүү – момун-мусулмандык дагы, диний райондук башкармалык дагы милдетиңиздер”, – деди Алибек ажы.

Эскерте кетсек, таравих намазы 1-апрелде окула баштаса, орозо 2-апрель күнү башталган.